Бишкектеги 20 мектептин курулушу тыкыр көзөмөлдөнүүдө

 Бишкектеги 20 мектептин курулушу тыкыр көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушу министрлик тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан бир катар мектептердин курулушуна көзөмөл жүргүзүлдү.

Анда курулуш аянтчалары жеринде каралып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү текшерилди. Ошондой эле куруучулар менен инженердик-техникалык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, актуалдуу суроолор талкууланды.

Мындан сырткары, имараттардын сейсмикалык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү кеңештер берилди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Связанный пост