Тоо-кен тармагынан 2025-жылы бюджетке 65,4 млрд сом киреше түштү
Кыргызстанда тоо-кен тармагынан түшкөн киреше көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышканда билдирди.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, былтыр бюджетке бул тармактан 65,4 млрд сом киреше түшкөн.