Аксыда Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө уланууда

 Аксыда Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө уланууда

Аксы районундагы Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаш баланын сөөгүн издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүн издөө иштерине төмөнкү күчтөр тартылды:

  • Аксы райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн — 12 куткаруучу;
  • Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан — 5 куткаруучу (суучулдар);
  • ИИМден — 3 кызматкер;
  • Чек ара кызматынан жана жергиликтүү тургундардан — 20га жакын адам.

Жалпысынан издөөгө 40 адам жана 2 кайык катышууда.

Эске салсак, 5-апрель күнү 2018-жылы туулган К.И. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Связанный пост