ЖК депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

 ЖК депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мындай чечим БШКнын бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Ага ылайык, эл өкүлү Абдылдабек Эгембердиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.

Белгилей кетсек, Эгембердиев №19 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген.

Связанный пост