Лейлекте жол кырсыгына кабылган жоокерге бүгүн операция жасалат
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов унаа кырсыгынан жабыр тарткан жоокерден кабар алды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы жоокердин ата-энеси менен жолугуп, баласына бардык тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатканын, муктаждык болсо дарылануусун улантуу үчүн борборго жеткирилерин айтты. Ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынан атайын чакыртылган дарыгерлер менен сүйлөшүп, бүгүнкү операциянын ийгиликтүү өтөрүнө ишенимин билдирди. Жергиликтүү саламаттык сактоо тармагынын жетекчилерине бардык керектүү шарттарды түзүүнү тапшырды.
Учурда жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда, абалы оор деп бааланууда.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 4-апрелинде Лейлек районундагы “Ак-Суу” чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмүнүн аткычы, катардагы жоокер, 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков УАЗ-Пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаанын бортунан кулап кетип, кырсыкка учураган.
Жоокер Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылынын тургуну, ал 2025-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган. Учурда кызматтык териштирүү дайындалып, тийиштүү иштер алып барылууда.