Минкаб төрагасы Түркиянын вице-президенти менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту.
Жолугушуу Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин экинчи жыйынынын алкагында болду.
Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук, өз ара ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелер акыркы жылдары ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.
Жолугушууда тараптар экономика, инвестициялар, билим берүү, саламаттык сактоо жана соода кызматташтык сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Адылбек Касымалиев быйылкы жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү этап болуп каларын белгилеп, өкмөттөр аралык иш-аракеттер планын практикалык багытта ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.
“Белгилүү болгондой, өлкөлөрүбүздүн лидерлери эки тараптуу соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышкан. Бул багытта биз түрк инвестицияларын колдоого жана кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даярбыз”, — деди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Жевдет Йылмаз Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк жана бардык багыттар боюнча кызматташуунун динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана боордош мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.