Зергерчиликке жеңилдиктердин натыйжасында көмүскөдөн 16 млрд сом ачыкка чыкты

 Зергерчиликке жеңилдиктердин натыйжасында көмүскөдөн 16 млрд сом ачыкка чыкты

Баалуу металлдар менен ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жеңилдиктер жана колдоолор тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Биринчи радионун” түз эфиринде айтып берди.

Маалым болгондой, зергерлик тармагы буга чейин Финансы министрлигине карап келсе, кийин президенттин тапшырмасы менен Салык кызматына өткөрүлүп, бул тармакты өнүктүрүү боюнча так милдеттер коюлган.

“Зергерлик тармагы буга чейин Финансы министрлигине карап келсе, кийин Президент ал жактан алып, Салык кызматына кошту. Президент зергерчилик тармагын өнүктүрүү боюнча бизге тапшырма берди. “Алтын өзүбүздөн чыгат, бирок эмне үчүн зергерчилик боюнча башка өлкөлөрдөн артта калдык?” деген суроо коюлду. Ушул максатта зергерлер үчүн бир топ жеңилдиктер каралды”, — деди ал.

Салык кызматынын төрагасы негизги жеңилдиктерди санап өттү:

  • Зергерлерге алтынды дүйнөлүк рыноктон 2% арзан баада берүү;
  • Берилген баалуу металлдар үчүн төлөмдү 6 айга чейин кечиктирүү мүмкүнчүлүгү;
  • Жабдыктарды сатып алууга жана адистерди окутууга 6% менен жеңилдетилген насыя берүү;
  • Салык ченемин 0,25%га чейин төмөндөтүү.

“Ушундай жеңилдиктер каралгандан кийин, мурда көмүскөдө болгон 16 млрд сомдук зер буюмдар ачыкка чыкты. Зергерлер алтындарын жашырган жеринен алып чыгып көрсөтүштү. Бул жеңилдиктердин таасири. Анткени алтынды 2% арзан алуу, жеңилдетилген насыя жана 0,25%дык салыктык жеңилдик ачыкка чыккандарга гана берилет деген талап коюлган”, — деп кошумчалады Шыкмаматов.

Связанный пост