Тигүү тармагында жаңы тартип: Россияга товар жөнөтүү 6 айда толук жөнгө салынат
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү тигүү тармагында товар экспорттоо алдыдагы алты айдын ичинде толук калыбына келерин билдирди. Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” түз эфиринде айтып берди.
Анын айтымында, ата мекендик тигүүчүлөр Россияга товар жөнөтүүдө документтери жок ташууга көнүп калышкандыктан, бир аз кыйынчылыктарга дуушар болушту.
“Өлкөдөгү тигүү тармагы негизинен Россия менен иш алып барат. Россия азыр бизге кыянаттык кылуу үчүн эмес, өз бюджетин толтуруу максатында чек ара көзөмөлүн абдан бекемдеди. “Бизге кирген товарлар салык төлөбөйт экен” деп эле жолду тосуп коюшту. Ал эми биздин ишкерлер документсиз ташып көнүп калышкандыктан, маселе жаралды”, — деди ал.
Бул маселени чечүү максатында министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада иш жолго коюлганы маалымдалды.
“Министрлер кабинетинин төрагасы бул маселе боюнча Москвага байма-бай каттап, көйгөйдү чечти. Маркетплейстер үчүн электрондук эсеп-фактураны тез арада иштеп чыгып, киргиздик. Азыр Ozon жана Wildberries сыяктуу маркетплейстер менен электрондук эсеп-фактуралар аркылуу иш башталды. Жакында тесттик режимде биринчи товарды жөнөткөнбүз, ал көздөгөн кампасына ийгиликтүү жетти. Азыр бул багытта иш жанданып, маселенин жолу табылды”, — деп билдирди Шыкмаматов.