Агартуу министрлиги Ноокенде бала бакчадагы жарылуу боюнча маалымат берди

 Агартуу министрлиги Ноокенде бала бакчадагы жарылуу боюнча маалымат берди

Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылында жайгашкан №25 “Бакыт” бала бакчасында орун алган кырсык тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн, 31-мартта таңкы саат 06:15 чамасында бала бакчанын имаратында суу жылытуучу бойлер жарылган. Бактыга жараша, кырсык таң эрте болгондуктан, балдар жана кызматкерлер арасында жабыркагандар жок. Тайпалар жайгашкан бөлмөлөргө зыян келген эмес.

Күчтүү жарылуудан улам имараттын төмөнкү бөлүктөрү жараксыз абалга келди:

  • Ашкана жана азык-түлүк сакталуучу кампа;
  • Медайымдын бөлмөсү;
  • Кир жуучу жай.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Атайын комиссиянын корутундусу чыкканга чейин бала бакчанын иши убактылуу токтотулду.

Связанный пост