Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркына болжол менен 470 миң адам келген

 Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркына болжол менен 470 миң адам келген

2025-жылы “Ала-Арча” жаратылыш паркына болжол менен 470 миң адам келген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Ала-Арча” жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков билдирди.

Ал белгилегендей, паркка келгендердин саны жогорулап жатат.

“2026-жылдын январь айынан бери эсеп жүргүзүлүп келүүдө. Парк жумасына орто эсеп менен 18 миңге жакын конокту кабыл алат. Негизги жыйынтыктар жылдын аягында чыгарылат”, – деди ал.

Связанный пост