Чолпон-Ата айланма жолу көчмөндөр оюндарына чейин ишке берилет
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине чейин Чолпон-Ата айланма жолу бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, айланма жолдун курулушу быйыл башталган. 4 тилкелүү жолдун узундугу 15,64 чакырымды түзүп, параллелдүү долбоорлоо менен курулат. Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.
“Учурда демонтаждоо, темир-бетон буюмдарын даярдоо жана жер жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле асфальт-бетон заводун ишке киргизүү пландалууда. Аталган жолду салуу боюнча “Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн” подрядчы компаниясы менен келишим түзүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.