Бишкекте кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 29 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөк трансплантациялоо операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, бейтап 12 ай бою гемодиализде болгон. Өнөкөт гломерулонефритке байланыштуу бөйрөгү иштебей калган. Бейтаптын бир тууган агасы донор болду. Операция акысыз негизде жасалды.
Медициналык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушуна саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев күбө болду.
Ал ошондой эле 14 жыл мурун бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган бейтап менен жолугушту. Учурда анын ден соолугу жакшы экени айтылды.
“2024-жылдын январь айынан бери мамлекеттин эсебинен 41 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жүргүзүлгөн. Жалпысынан 2018–2026-жылдары борбордо 83 трансплантация жасалган. Мамлекеттик колдоонун жана ата мекендик адистердин жогорку кесипкөйлүгүнүн аркасында жогорку технологиялык операциялар бүгүнкү күндө өлкө ичинде ийгиликтүү жүргүзүлүп, жарандардын чет өлкөгө чыгуу зарылдыгын азайтуу менен өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.