Акунбеков минералдык жер семирткичтерди Кыргызстанга импорттоочу компаниялар менен жолукту

 Акунбеков минералдык жер семирткичтерди Кыргызстанга импорттоочу компаниялар менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков минералдык жер семирткичтерди Кыргыз Республикасынп ташып келүүчү компаниялар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда минералдык жер семирткичтерди импорттоочу компаниялар тарабынан минералдык жер семирткичтерди ташып келүүнүн учурдагы абалы, республикага жеткирилген көлөмдөр, баа саясаты жана тармакта орун алып жаткан маселелер тууралуу маалыматтар айтылды.

Анда, жолугушууга катышкандар тарабынан минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, ошондой эле жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча мындан аркы аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун соңунда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, бир катар мамлекеттик органдарга минералдык жер семирткичтерди импорттоодо жаралып жаткан көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Связанный пост