Бишкекте 24 жаштагы жигит сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектелүүдө
Бүгүн, 26-январда эртең мененки саат 09:01 чамасында Кулиев көчөсүндөгү жеке мейманканалардын биринен киши өлтүрүү фактысы катталды.
Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, мейманканада 2002-жылы туулган Д.М. аттуу жаран жана анын сүйлөшкөн кызы Р.Э. бирге спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ортодо келип чыккан чырдан улам, кыз шектүүнүн колуна бычак менен жаракат келтирген. Ага жооп катары Д.М. кыздын моюн тарабына бычак сайган. Алган жаракатынан улам кыз окуя болгон жерден каза болгон.
Ленин райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча иш козголду.
24 жаштагы Д.М. кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери улантылууда.