Таласта асфальт-бетон заводу реестрге катталбастан иштеп жаткандыгы аныкталды
Айтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылында асфальт-бетон заводу реестрге катталбастан курулуп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле курулуш иштери 70 пайызга аяктап, завод толук кандуу иштеп жаткандыгы маалым болду.
Натыйжада натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Гранит Транс Сервис” ЖЧКсына карата 200 миң сом айып салынып, реестрге каттоо боюнча көрсөтмө берилди.
Мындан тышкары, Талас шаарындагы бардык курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз уланууда.
Маалымат үчүн: Курулуш реестри – мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү, курулуш объекттеринин, долбоорлоочу жана куруучу уюмдардын, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жактардын, ошондой эле уруксат берүүчү жана долбоордук документтердин эсебин жүргүзүүгө арналган маалыматтык система.