Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө Бишкектен эки бөлмөлүү батир берилди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн Р.Сыргабаев жана М. Калиевадин үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, 2026-жылдын 21-январында ЖМК аркылуу Талас облусунда үч эм төрөлгөн үй-бүлөнүн кайрылуусу жарыяланган. Аталган үй-бүлө оор материалдык абалына байланыштуу турак жай маселесин чечүү боюнча жардам сураган.
Буга чейин Сыргабаевдердин үй-бүлөсү Бишкек шаарынын мэриясына турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып, бирок Бишкек шаарынын аймагында каттоосу жок болгондугуна байланыштуу баш тартуу жообун алышкан.
Сыргабаев жана анын жубайы Калиева 2024-жылдын ноябрь айынан бери никеде турушат жана учурда ижарага алынган батирде жашашат. Үй-бүлөнүн башчысы курулуш объекттеринде жумушчу болуп эмгектенет.
Жаш үй-бүлөдө үч эмдин төрөлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу жана калктын өсүшүн колдоо максатында Ташиев тарабынан Бишкектен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Генерал-полковник К.Ташиев жаш үй-бүлөгө чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаркын келечек каалады.