2025-жылы фермерлерге лизинг аркылуу 2853 техника берилди

 2025-жылы фермерлерге лизинг аркылуу 2853 техника берилди

2025-жылы лизинг аркылуу фермерлерге 2853 техника сатып берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, лизингдин жалпы суммасы 9,8 млрд сомду түздү.

Белгиленгендей, бул долбоор 2011-жылдан тартып “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” менен биргеликте ишке ашырылып келет. Анын алкагында, айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү жабдуулары 7 жылдык мөөнөткө жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген шартта лизингге берилет.

Бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик колдоодогу лизинг долбоорлору аркылуу фермерлерге жалпы 9863 техника берилген, жалпы суммасы 27,9 млрд сомду түздү.

“Бул демилге дыйкандарга механизацияланган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүгө, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө шарт түзүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост