Былтыр өлкөдө 19,5 миң тонна товардык балык өндүрүлдү

 Былтыр өлкөдө 19,5 миң тонна товардык балык өндүрүлдү

2025-жылы Кыргызстанда товардык балык өндүрүшүнүн көлөмү 19 508,85 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бул көрсөткүч Балык өнөр жайы комплекси департаменти департамент менен иштешкен балык чарбаларынын жардамы менен жетишилди.

Аймактар боюнча эң жогорку өндүрүш көлөмү Чүй облусунда катталып, бул аймакта 12 844,8 тонна товардык балык өндүрүлгөн. Андан кийинки орундарда:

  • Жалал-Абад облусу — 2 845,6 тонна;
  • Ысык-Көл облусу — 1 505,3 тонна;
  • Нарын облусу — 1 373,2 тонна;
  • Талас облусу — 533,45 тонна;
  • Ош облусу — 406,5 тонна турат.

Өндүрүлгөн товардык балыктын негизги бөлүгүн төмөнкү түрлөр түзөт:

  • кубулжума жилингир (радужная форель) — 17 132,05 тонна;
  • карп — 813,2 тонна;
  • башка түрдөгү балыктар — 1 563,6 тонна.

Товардык балык өндүрүшүнүн өсүшү Кыргызстанда балык чарбачылыгынын туруктуу өнүгүп жатканын жана өлкөнүн бардык аймактарында аквакультура тармагынын масштабдуу түрдө кеңейип жатканын айгинелейт.

Связанный пост