Кыргызстандын банк секторунун активдери 1 трлн сомдон ашты

 Кыргызстандын банк секторунун активдери 1 трлн сомдон ашты

2025-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын аймагында 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган.

Улуттук банктан билдиришкендей, жыл башынан тартып банк секторунун суммардык активдери 44,9 пайызга өсүү менен 1 трлн 181,8 млрд сомду түзгөн. Ошондой эле:

  • банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 43,6 пайызга өсүү менен 489,3 млрд сомду;
  • Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү 100,8 пайызга өсүү менен 18,1 млрд сомду түзгөн;
  • банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 38,8 пайызга өсүү менен 822,4 млрд сомду түздү.

Связанный пост