Бишкекте вебкам-студиялардын тармагын уюштурган топ кармалды
УКМК Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи менен биргеликте интернет аркылуу (вебкам-студиялар) сойкулук жана бузукулук иштерин уюштурган жана ага көмөктөшкөн КР жарандары — А.А.А., Б.Б.С., Э.А.Э. жана О.Э.К.ны кармады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалгандар кылмыштуу топтун курамында иш алып барып, Бишкек шаарында жана Казакстан Республикасында вебкам-студиялар тармагын уюштуруп, алардын ишин камсыздап турушкан.
Тергөөдө уюшкан топтун мүчөлөрү мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып, жашыруун иш жүргүзүшкөнү аныкталган.
Кармалгандардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик техника, эротикалык костюмдар жана сексуалдык мүнөздөгү онлайн берүүлөрдү жүргүзүүгө арналган башка буюмдар табылып, алынган.
Мындан тышкары, аталган топ “Chaturbate”, “Stripchat” жана “BongaCams” сыяктуу интернет-платформалар аркылуу онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, алынган мыйзамсыз кирешелерди “Binance” крипто-капчыктарына которуп турганы белгилүү болду.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.