Чүйдө өспүрүмдү уурдагандар кармалды

 Чүйдө өспүрүмдү уурдагандар кармалды

Чүй облусунда адам уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январда С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2008-жылы туулган И.Т. аттуу кызын Э. жана А. аттуу чала тааныш адамдар күч колдонуп унаага салып кетишкенин билдирген. Алар өспүрүмдүн денесине курч нерсе менен сайып, муунтуп, өмүрүнө коркунуч келтиришкен. Кийин кызды Чүй айылында жайгашкан “Жаннат” мейманканасынын жанына таштап кетишкен.

Бул факт боюнча материал каттоого алынып, “Адамды уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1993-жылы туулган А.Э. жана 1994-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Связанный пост