Бишкектеги таштанды заводунан чыккан түтүн толук тазаланат

 Бишкектеги таштанды заводунан чыккан түтүн толук тазаланат

Бишкек шаарында курулган таштандыны кайра иштетүүчү заводдун 70-80 пайыз бөлүгү чыккан түтүндү тазалоо иштерине багытталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар подкастка” маалымдады.

Анын айтымында, алгач инвестор менен сүйлөшүүдө заводду өз баасында, сапаттуу куруу талабы коюлган.

“Инвесторлор заводду кымбат же арзан баада салып берелиби деп сурашкан. Билесиңер, арзан нерседе сапат төмөн болот. Биз өз баасы менен кургула, бизге сапат керек деген талап койдук. Себеби, мен таштандыны өрттөгөнгө түп тамыры менен каршымын. Анткени, таштандыны өрттөө бул абдан кооптуу, ууланган эле түтүн чыгат да. Жеринде сүйлөшүп, заводдун 70-80 пайызы ошол түтүндү тазалоого багытталганына ынангандан кийин гана ишке кириштик”,- деди Жунушалиев.

Курулган заводдон чыккан түтүн толук кандуу тазаланып, эң жогору делген талаптарга жооп берери кошумчаланды.

Связанный пост