Былтыр жалпы кубаттуулугу 120 МВт түзгөн чакан ГЭСтер пайдаланууга берилди
2025-жылы Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу болжол менен 120 МВт түзгөн чакан ГЭСтер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, акыркы пайдаланууга берилген объект президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен ачылган кубаттуулугу 18 мегаватт болгон Кара-Көл чакан ГЭСи болду.
“Мындан тышкары, кубаттуулугу 12, 7, 5 жана 1,5 мегаватт болгон чакан ГЭСтер ишке кирди. Жалпысынан 2025-жылы жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттан ашкан чакан ГЭСтер пайдаланууга берилди. Планга ылайык, быйылкы жылы дагы бир нече ГЭСтерди ишке киргизүү каралууда”, – деп белгиледи министрдин орун басары.
Ошондой эле ал мамлекет чакан ГЭСтерден электр энергиясын 15 жылдык мөөнөткө белгиленген туруктуу тариф боюнча 1 кВт/саат үчүн 4 сом 42 тыйындан сатып аларын маалымдады. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тарифтер кайрадан каралат.