Алкоголь жана тамеки продукциясын ташууга жаңы көзөмөл киргизилүүдө
Бүгүн алкоголь жана тамеки продукциясын экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө системасын киргизүүгө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын даярдоо боюнча жыйын өттү.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул система 2026-жылдын 11-февралынан тартып ишке киргизилет.
Жыйын ЕАЭБдин алкагында товарларды экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу тартиби жана эрежелери боюнча бизнеске түшүндүрмө берүү максатында уюштурулду.
Автотранспорт каражаттарын навигациялык пломбалоонун негизги максаты — декларацияланган товарлардын сакталышын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу.болуп саналат. Бул мамлекеттик чек арадан өтүүнү тездетүүгө жана бизнеске болгон жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.
Жыйындын жүрүшүндө Салык кызматынын адистери жана жүк ташууларды көзөмөлдөө системасын улуттук оператору товарларды экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу тартибин кеңири түшүндүрүп беришти. Ал эми бизнес өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Эске салсак, ЕАЭБдин навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуусуна жана Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык, 2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык союзунун мүчө мамлекеттеринин аймагында товар ташууларды навигациялык пломбалардын жардамы менен туруктуу көзөмөлдөө киргизилет.
Көзөмөл автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу ташылуучу алкоголь продукциясына, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат.