Тамак-аш баасын атайылап кымбаттаткан кафе-ресторандарга айып салынат
Тамак-аш баасын атайылап кымбаттаткан жайларга 3 миңден 13 миң сомго чейин айып салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, КР Укук бузуулар кодексинин соода эрежелерин бузуу боюнча 286-беренесине ылайык, жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.
“Тамак-аш баасын кымбаттатуу жаатында мыйзам бузуулар катталса, биринчи кезекте түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Андан кийин кафе-ресторандын ээлерине, администраторлоруна эскертүү берилет. Мында бир мөөнөт коюлуп, токтомду аткаруу менен мыйзам бузбоо зарылдыгы маалымдалат. Эгер мыйзам бузуулар болсо, Укук бузуулар кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилет. Эскертүү берилгенден кийин талаптар аткарылбай, дагы мыйзам бузуулар аныкталса, жазма буйрук берилет. Андан кийин анын аткарылышын күтөбүз. Эгер анда да иш аткарылбаса, КР Укук бузуулар кодексинин беренелерине ылайык, айып пул салабыз”,- деди Иманкулов.