Кыргызстандын президенти 2025-жылы чет өлкөгө 25 сапар жасады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы чет өлкөлөргө 25 сапар жасады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул сапарлардын ичинен 3ү мамлекеттик, 3ү расмий жана 18и жумушчу сапарлар болгон.
Ошондой эле 2025-жылы кол коюу үчүн 633 эл аралык документ даярдалган, алардын ичинен 163ү эки тараптуу, ал эми 407си көп тараптуу мүнөздө.
Белгилей кетсек, жалпысынан 190го жакын жолугушуу жана сапарлар өткөрүлгөн, алардын ичинен 60ы Кыргызстандын аймагында, ал эми 130га жакыны чет өлкөлөрдө ишке ашкан.