“Манас” аэропортунда жарыктандыруу системасы тесттик режимде иштөөдө

 “Манас” аэропортунда жарыктандыруу системасы тесттик режимде иштөөдө

“Манас” аэропортунда жарыктандыруу системасы тесттик режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аба майданда системаны орнотуу иштери жүрүүдө. Азыр жабдуу 2-категорияда, 10 күн ичинде 3-категорияга жогорулатылат.

“Тесттик иштер жүрүп жатканда кемчиликтер каралып чыгат. Андан соң система толугу менен иштеп баштайт. Бул иштерге эки жумадай убакыт кетиши мүмкүн. Ошондой эле система сертификациядан да өтүшү керек болот. Болжол менен 20-январда заманбап жарыктандыруу системасы толугу менен иштеп баштайт”, – дешти аэропорттон.

Белгиленгендей, аэропорт кандай гана аба ырайы болбосун, учактарга бардык шарттарды түзүп берет. Бирок учактын экипажы конуу же конбоо боюнча акыркы чечимди чыгарат.

“Эгерде учкучтар туман болуп жатканда учакты кондуруу тууралуу чечим чыгарса конушат. Биз ага уруксат беребиз. Эгерде алар конбойбуз десе, анда биз жакынкы аэропортторго конууну сунуштайбыз. Күн мурун 2 ички каттам убактылуу токтотулган, ал эми 3 эл аралык авиакаттам кечиккен. Анткени учкучтар конбоо тууралуу чечим чыгарышкан”, – деп кошумчаланды.

Связанный пост