Минкаб Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитти

 Минкаб Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитти

Министрлер Кабинети Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Токтом орто кесиптик билим берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салат. Билим берүү уюмунун уставы типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат жана уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилет. Билим берүү уюмунун уставында ушул типтүү уставга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка жоболор да камтылышы мүмкүн.

Связанный пост