Финляндияда өспүрүмдөргө соцтармакка кирүүгө тыюу салынат
Финляндиянын өкмөтү 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Петтери Орпо Helsingin Sanomat басылмасына билдиргенин, Интерфакс кабарлайт.
Орпо анда балдардын экран алдында көп убакыт өткөрүүсү алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин баса белгилеп, “жеке бакубатчылыкка кошумча, коомдук ден соолукту жакшыртуу улуттук экономикага да пайда алып келет”,- деген.
Ал ошондой эле финляндиялык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянып, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги мамлекетке жыл сайын 3 млрд евро чыгым келтирерин айткан.
Андан сырткары, өкмөт башчысы социалдык тармактарды колдонууга чектөө киргизген башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан мисал келтирген. Анын айтымында, Дания, Франция жана Норвегия сыяктуу өлкөлөрдүн арасында буга чейин тыюу салгандар жана жакында киргизүүнү пландап жаткандары бар.