Өлкө аймагында 16-17-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Өлкө аймагында 16-17-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт.
ӨКМден билдиришкендей, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас
өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° с +3°ка чейин жылыйт, тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16°ка чейин суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин
кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылын кыйындатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды алыска жолго чыгууда унаада кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну камсыздоону жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча 112 номерине байланышууну эскертет.