Мунайдын баасы ноябрь айынан берки эң жогорку чекке жетти
Brent мунайынын баасы акыркы эки айда биринчи жолу 65 доллардан ашты.
Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын март айындагы фьючерстеринин баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады.
Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты.
Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын соода өнөктөштөрүнө, анын ичинде андан мунай сатып алгандарга карата экинчи деңгээлдеги санкциялар киргизилерин жарыялаган. Чектөө чараларын айланып өтүүгө аракет кылган өлкөлөр үчүн америкалык компаниялар менен болгон каалагандай соода операцияларына 25 пайыздык алым киргизилет.
Ошондой эле эксперттер АКШнын куралдуу кийлигишүүсү болушу мүмкүн экенин четке кагышпайт. Бул болсо күтүлбөгөн кесепеттерге, анын ичинде Перс булуңунан мунай жеткирүүнүн чектелишине алып келиши ыктымал.
Буга чейин америкалык Goldman Sachs инвестициялык банкынын аналитиктери 2026-жылдын аягына чейин Brent мунайынын баасы баррелине 54 долларга чейин түшөрүн, ал эми жылдык орточо баа 56 долларды түзөрүн болжолдошкон. Бул прогноздун ишке ашуусуна негизги тоскоолдук катары алар геосаясий факторлорду аташкан.