Кыргызстандыктарды Түркияга ишке орноштурган 4 компаниянын иши токтотулду
Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 4 компаниянын иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору мониторинг жүргүзүп, Түркияга жумушчу жөнөтүүчү айрым компанияларда төмөндөгүдөй мыйзам бузууларды аныктаган:
- Уруксат алууда мамлекеттик органга жалган маалыматтарды берүү;
- Түркиядагы иш берүүчү же ортомчу уюмдар менен болгон чыныгы кызматташтыгы тууралуу маалыматтарды жашыруу;
- Министрлер кабинети бекиткен жобонун талаптарын сактабоо.
Натыйжада төмөнкү компаниялардын иши убактылуу токтотулду:
- “Голден ворк & тревел” ЖЧК;
- “Айрис Тревел” ЖЧК;
- “Рамай-Саякат” ЖЧК;
- “Аска-Трэвел” ЖЧК.