Тамак-аштын баасын жогорулаткандарга айып салынат
Өлкөдө 1-январдан баштап коомдук тамактануучу жайларда тейлөө кызматтарына берилчү төлөмдү алып салуу боюнча токтом күчүнө кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда керектөөчүлөрдөн кайрылуулар келип түшүүдө.
Женалы Орозбаев белгилегендей, анда жарандар тамактануу жайлары тамактын баасына мурда алынып келген тейлөө акысын кошуп салды деп айтышууда.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдын негизинде бизде атайын көзөмөл бар. Биз ага ылайык, текшерүүнүн планын бекиттик. Анын негизинде бардык коомдук тамактануу жайларын пландуу турдө текшерүү жүрөт. Эгерде алар жазылгандан четтеп кетсе, сөзсүз турдө мыйзам чегинде айып пул салынат. Мисалы, тамак-аштын көрсөтүлгөн өлчөмү аз болсо, өзүнчө айып пул салынат. Мында соода эрежелерин бузгандыгы деп айып салынышы мүмкүн. Коомдук тамактануу жайларынын баарын көзөмөлгө алып баштайбыз. Эгерде бизге кайсы бир керектөөчү арыз менен кайрыла турган болсо, анда биз капысынан текшерүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Пландык текшерүүлөр ишкер субъекттерине айтып, анан жүргүзүлөт. Учурда жарандар эмнеге каражат төлөп жатканын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кабыл алынган токтомго ылайык, мындан ары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды алып барат”, – деди Орозбаев.