Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат

 Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жарандар күбөлүктөрүн 15-январдан 15-февралга чейин акысыз алмаштырса болот.

“Айдоочулук күбөлүк боюнча суроолор көп болуп жаткандыктан кыскача маалымат берейин. Декабрь айында айтылгандай эле, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Ошондуктан убакытты өткөрбөй, азыртадан барып алмаштырып алыңыздар”, – деп белгиледи ал.

Связанный пост