Туманбаев: “Мурас” комплексинде бала бакча жана мектеп курулат

 Туманбаев: “Мурас” комплексинде бала бакча жана мектеп курулат

Бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин тапшыруу аземинде президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жалпы элге кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Кыргызстанда биринчи жолу 24 кабаттуу, эң бийик турак жайлар пайдаланууга берилүүдө.

“Бүгүн биз өлкө тарыхында алгач ирет 24 кабаттуу батирлерди тапшыруу аземинде турабыз. Президент жыл сайын бийик имараттарды куруу боюнча тапшырма берип келет. Азыр республика боюнча көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери активдүү жүрүп жатат”, – деди Каныбек Туманбаев.

Ал белгилегендей, “Мурас” турак жай турак жай комплексинде жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган. Атап айтканда, балдар ойноочу аянтчалар, 60 сотка жерде бала бакчасы жана мектеби да болот. Ошондой эле имараттардын сейсмологиялык коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулган. Бардык курулуш иштери адистердин көзөмөлүнөн өтүп, тиешелүү уруксаттар алынган.

Связанный пост