Эмки жылдан баштап МИКке бюджеттен каражат берилбейт
Эмки жылдан баштап Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен каражат берилбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн “Мурас” турак жай комплексинен батирлерди жарандарга тапшыруу аземинде билдирди.
Садыр Жапаров белгилегендей, алдыда ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүп, өлкөнүн турак жай фондун дагы кеңейтүүнү максат кылууда.
“Буга чейин биз Мамлекеттик ипотекалык компанияга каражаттарды мамлекеттик бюджеттен бөлүп берип келе жатабыз. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча жана үстүнө 250-300 доллардан кошуп бергендин пайдасы менен капиталы 87 млрд сомго чыкты. Быйыл дагы МИКке мамлекеттик бюджеттен акыркы жолу 500 млн доллардын тегерегинде беребиз. Эмдиги жылдан баштап МИКке бюджеттен каражат бербейбиз. Өзүнүн 200 млрд сомго чыгарып алган капиталы менен 5-10 жыл эмес, 50-100 жыл бою элди – жаңы үйлөнгөн үй-бүлөдөн баштап, үйгө муктаж карыларга чейин турак үй менен камсыз кылууну ушул мамлекеттик ишкана алып барат”, – деди өлкө башчысы.