Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмеги жана алардын жумуш убактысынын узактыгы бекитилди

 Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмеги жана алардын жумуш убактысынын узактыгы бекитилди

Министрлер Кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомдун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык өзгөчө эмгек мүнөзүндөгү жумуштарда иштеген кызматкерлердин айрым категорияларынын жумуш убактысынын узактыгын эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана эмгек жүктөмүнүн даражасын эске алуу менен укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу.

Документ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жаңы редакциясына ылайык иштелип чыкты. Тизмеге ар кандай тармактагы жумушчулардын 100дөн ашуун категориясы киргизилген.

Токтомдун аткарылышы эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүүгө, эмгек нормалоонун жана эмгек процесстерин пландаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Связанный пост