Кыргызгидромет: 16-январдан баштап өлкө аймагында калың кар жаашы күтүлөт

 Кыргызгидромет: 16-январдан баштап өлкө аймагында калың кар жаашы күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы 12–18-январь күндөрүнө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, алдыдагы күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Чүй облусунда 12-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар жаайт. 13-январь күндүз жана 14-январда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Бишкек шаарында 12-январда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. 13–15-январларда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Талас облусунда 12-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 12–15-январларда негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт.

Ысык-Көл облусунда 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар күтүлөт.

Нарын облусунда 12–15-январларда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаап, -30 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Связанный пост