Мальтада кыргыз жараны каза тапты

 Мальтада кыргыз жараны каза тапты

Мальтанын Сент-Жорж булуңунда 48 жаштагы кыргызстандык аял деңизде эс алып жаткан учурда, толкун уруп кетип каза болгон. Бул тууралуу жергиликтүү Times Of Malta басылмасында жарыяланган.

Маалыматта белгиленгендей, маркумдун жанында 23 жаштагы кызы ооруканага жаткырылган.

Полиция кырсык тууралуу маалыматты 12:40 чамасында алганын кабарлаган. Алгачкы иликтөөдө, бир нече адам эки айымды деңизден чыгарууга жардам бергени белгиленген.

Андан кийин медициналык бригада жана жарандык коргонуу кызматкерлери келип, айымдарды тез жардам машинасына отургузуп, Mater Dei ооруканасына жеткиришкен.

Полиция “өкүнүчтүүсү, 48 жаштагы айым каза болгон, ал эми экинчи жабырлануучунун абалы туруктуу”,-деп билдирген.

Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да расмий ырастады.

“Азыркы учурда элчилик каза болгон жарандын сөөгүн Кыргызстанга кайтаруу, консулдук колдоо көрсөтүү жана бардык процедураларды коштоп иш алып барууда, ошондой эле жакындары менен туруктуу байланышта”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост