Бишкекте курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптары текшерилди
9-11-январь күндөрү Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде коопсуздук талаптарынын жана курулуш эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, анда Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объектилериндеги эмгек коопсуздугу, техникалык регламенттердин жана долбоордук талаптардын аткарылышы текшерилди.
Мониторингдин негизги максаты курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу, мүмкүн болгон мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн министрликтен белгилешти.