Тышкы саясаттын жыйынтыгы: Кыргызстандын региондогу ролу жана миграциялык реформа

 Тышкы саясаттын жыйынтыгы: Кыргызстандын региондогу ролу жана миграциялык реформа

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында тышкы саясат ведомствосунун коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Министрликтен билдииршкендей, жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын 2025-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда (ЖККУ) төрагалык кылуусунун жыйынтыктары чыгарылып, уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөө маселелери каралды.

Ошондой эле коллегиянын мүчөлөрү “Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Мыйзамдардагы негизги жаңылануулар, ошондой эле миграциялык агымдарды иретке келтирүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөдө жүрүүсүн легалдаштыруу боюнча практикалык кадамдар тууралуу маалымат берилди.

Жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев регионалдык уюмдардын алкагында өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына ылайык миграциялык процесстерди мындан ары өркүндөтүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Связанный пост