ИИМ майрамга карата күчөтүлгөн тартипке өттү
Майрамдарда коопсуздукту камсыздоо – ички иштер органдарынын милдети, – деди ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИО жетекчилери катышкан онлайн жыйында.
Кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылды ийгиликтүү жыйынтыктоо, Жаңы 2026-жылды тосуу мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыздоо жана калкка сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү иштерин күчөтүү боюнча маселелер каралды.
“Эң негизгиси – кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жана заман талабына шайкеш шарттарды түзүүдө олуттуу жыйынтыктарга жетиштик. Ички иштер органдары кылмыштын кесепеттерин жоюудан анын алдын алууга жана эскертүүгө өтүүдө”, – деди Улан Ниязбеков.
Ошондой эле министр IV Элдик курултайда түшкөн бардык кайрылуулар анын жеке көзөмөлүндө экенин айтып, ар бир маселе жеринде, ыкчам жана мыйзам чегинде чечүү зарыл экенин белгиледи.
Кеңешменин соңунда жаңы жылдык майрам күндөрүнө карата коомдук тартипти бузган, резонанс жараткан кылмыштарга жол бербөө, оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарынын алдын алуу, мас абалында унаа башкарууга, авто-бейбаштыкка каршы рейддерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Кеңешменин аягында Улан Ниязбеков өлкөнүн ар бир жаранынын тынч жана коопсуз эс алуусун камсыздоо негизги милдет экенин белгиледи.