Кыргызстандын калкы 7,4 миллионго жакындады
2025-жылдын январь-октябрь айларында өлкөнүн туруктуу калкы 103,4 миңге, же 1,4%га көбөйүп, 1-ноябрга карата 7 млн 385 миң адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-октябрь айларында Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) органдарында 117,3 миң жаңы төрөлгөн бала катталган, бул 1000 адамга 19,2ни түзөт (2024-жылдын январь-октябрь айларында 20,1). Ал эми каза болгон адамдардын саны 27 миңди же 1000 адамга 4,4тү түздү (2024-жылы 4,5). Натыйжада, калктын натуралдуу өсүшү 90,3 миң адамга же 1000 адамга 14,8ге жетти (2024-жылы 15,6).
2025-жылдын январь-октябрь айларында калктын табигый өсүшү эң көп Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталып, Бишкекте эң аз болду.