Майрам күндөрү Бишкектен аймактарга кошумча автобус каттамдары киргизилди

 Майрам күндөрү Бишкектен аймактарга кошумча автобус каттамдары киргизилди

Майрам күндөрү жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздоо максатында Бишкектен аймактарга кошумча каттамдар киргизилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, автобустар жетиштүү санда уюштурулуп, билеттердин тынымсыз сатылышы жана жол кире акыларынын негизсиз көтөрүлбөшү көзөмөлдөнүүдө.

Бул максатта аймактык башкармалыктар автобекеттерде нөөмөт уюштуруп, көзөмөл жүргүзүүдө.

22-декабрдан тартып Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам каралган. Мындан тышкары, 101 автобус кошумча рейстер үчүн резервге коюлган. Ушундай эле резервдеги автобустар 2026-жылдын 8-12-январы аралыгында да колдонулат.

Связанный пост