Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдо бир суткада 23 МВт электр энергиясы өндүрүлүүдө
Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводдо бир суткада 1000 тонна таштанды өрттөлүп, 23 МВт электр энергиясы өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, аталган завод ушул жылдын 28-ноябрында алгачкы таштандыны от казанга салып, ишин баштаган.
“28-ноябрда эле электр энергиясынын биринчи кубаттуулугун тармакка бере баштаганбыз. Ушул бир айдан бери Энергетика министрлиги менен иштешип, бардык протоколдордун барып текшерип, иш ийгиликтүү болду. Заводдо эч кандай ыңгайсыз абал жаралган жок. Мисалы кечээ, 29-декабрда миң тоннадан ашык таштанды өрттөлүп, күнүнө орточо болжолду эсеп менен 23 МВт электр энергиясы тармакка берилди”,- деди аким.
Ошондой эле Бишкектеги бул заводдун ичинде 100 млн сомго таштанды сорттогон ишкана курулуп, учурда иштеп жатканын маалымдады.
“Күнүнө Бишкектен келген таштандыны биринчи ошол ишканага киргизебиз. Ал жактан иргеп туруп кайра иштетебиз. Бишкек шаарынын мэриясы ал жагынан да акча каражат таап, керектүү багыттарга жумшамакчы”,- деди ал.
Белгилүү болгондой, аталган таштандыны сорттоочу завод жарым жылдын ичинде курулуп бүтүп, ишке кирген.
Булак “Кабар” агенттиги