Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду экономикага 225 млн доллар инвестиция салды
Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасына дээрлик 225 млн доллар инвестиция салды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, 2025-жыл фонд үчүн чечкиндүү кадамдардын жана рекорддук инвестициялык активдүүлүктүн жылы болду.
“Биз жөн гана планды аткарбастан, аны 30%га ашыгы менен аткарып, Кыргызстандын экономикасына дээрлик 225 млн доллар инвестиция салып, 1700гө жакын жаңы жумуш орундарын түздүк: энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеген жаңы ГЭСтерден тартып, аймактардын экономикасын өзгөрткөн заманбап логистикалык хабдарга чейин. Бул жылы ишке кирген 20 заводдун ар бири – бул атаандаштыкка жөндөмдүү Кыргызстанды куруу боюнча бирдиктүү стратегиянын бир бөлүгү.
Биз темпти басаңдатпайбыз. Азыртадан эле жаңы каржылык инструменттер жана алдыңкы тармактарды колдоо иштелип чыгууда. Биздин милдет – алдын ала аракет кылуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү”, – деп белгиледи Новиков.