Электромобилдерди алып кирүүгө тарифтик жеңилдик 2026-жылдын 22-январынан тартып күчүнө кирет
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына электромобилдерди алып кирүүгө байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин күчүнө кирүү мөөнөттөр жөнүндө маалымдайт.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 111 электромобилдерге карата ташып кирүү бажы алымын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти берүү жөнүндө чечими 2026-жылдын 22-январынан тартып күчүнө кирет.
Бул чечим Кыргызстанга ташып келүүчү «таза электр унааларына»
(ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8703 80 000 3) жана «ырааттуу гибрид унааларга»
(ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8703 80 000 5) тиешелүү.
Ушул эле күндөн тартып Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасына айрым транспорт каражаттарынын түрлөрү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Комиссиянын актылары да күчүнө кирет
(ЕЭК Кеңешинин 2025-жылдын 23-декабрындагы № 110 чечими жана ЕЭК Коллегиясынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 81 чечими).
Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын көңүлүн бурабыз: электромобилдерди ташып кирүүгө тарифтик жеңилдик жана квоталар 2026-жылдын 1-январынан тартып эмес, тактап айтканда 2026-жылдын 22-январынан тартып гана колдонулат.
Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына электромобилдерди ташып кирүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.