Президенттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенттинин Администрациясынын кызматкерлеринин жалпы жыйынында 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды жана бир катар кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алкышы жарыяланды.
Жыйынды ачып жатып, Адылбек Касымалиев жамаатты келе жаткан 2026-жыл менен куттуктап, өтүп бара жаткан жыл Администрация үчүн мазмундуу жана жөнөкөй эмес болгонун, бирок коюлган бардык милдеттер ырааттуу командалык иштин аркасында аткарылганын белгиледи.
Администрациянын жетекчиси жылдын жыйынтыгы боюнча олуттуу натыйжаларга жетишилгенин, алар эл аралык деңгээлде жогору бааланганын баса белгиледи. Атап айтканда, Кыргызстандын ички дүң продуктусунун өсүшү 10 пайыздан ашып, өлкө экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди.
Жыйындын жүрүшүндө аймактар менен өз ара аракеттенүү, тармактык жана тышкы саясат, протоколдук камсыздоо, укуктук камсыздоо, маалымат каражаттарында чагылдыруу, контролдоо жана документ жүгүртүү үчүн жооптуу бөлүмдөрдүн ишине жогору баа берилди.
2025-жылдагы ийгиликтер катары төмөнкүлөр белгиленди:
– Өлкөнүн ИДПсы 1,8 триллион сомго жетти;
– консолидацияланган бюджет биринчи жолу 1 триллион сомдон ашты;
– республикалык бюджет 34,3 миллиард сом профицит менен аяктады;
– биринчи жолу өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар социалдык чыгымдардан ашты;
– 341 инфраструктуралык объект ишке киргизилди ж.б.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев жамаатка берилип иштегендиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылдын жыйынтыгындагы жакшы натыйжалар ар бир кызматкердин эмгегинин аркасында мүмкүн болгонун белгиледи. Ал 2026-жылы Президенттин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги астында бирдиктүү команда болуп натыйжалуу ишин улантарына ишеним билдирди.

Связанный пост