Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы социалдык мекемелерди кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна иш сапары менен барып, бир катар социалдык мекемелерди кыдырып, аларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, калктын социалдык аялуу катмарына даректүү колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сапардын алкагында минкаб төрагасы Жайыл районунда жайгашкан Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болду. Аталган мекеме 1938-жылы карылар үйү катары түптөлүп, 1947-жылы аялдар үчүн психиатриялык жана неврологиялык интернатка айланган. Учурда ал жерде 246 аял жашайт жана аларга ар тараптуу социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Мекеме 1994-жылы пайдаланууга берилип, анда 200 орундуу төрт кабаттуу имарат, ашкана, откана, мончо, кир жуучу жай жана кампалар бар. Мекемеде фитотерапия, дарылоо, ден соолукту чыңдоо бөлмөлөрү, социалдык жана күнүмдүк жашоого багыт берүү бөлмөсү, тургундардын көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана социалдык адаптациялоого көмөктөшүүчү “Чебер колдор” кол өнөрчүлүк клубу бар.

Андан соң минкаб төрагасы Беловодск шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болду. Объект 2,4 гектар жерди ээлеп, жалпы турак-жай аянты 3315 чарчы метрди түзөт. Мекеме эки кабаттуу жатаканадан (алардын бири жаңы жана толук пайдаланылган), бир кабаттуу имараттан, медициналык жана административдик бөлүмдөрдөн, кампалар жана кир жуучу жайдан турат.

Мекеме 214 койкага ылайыкталып, калыбына келтирүү үчүн кошумча 40 керебет бар. Учурда анда 221 бала тарбияланууда.

Иш сапарынын соңунда Адылбек Касымалиев Беловодск айылында жайгашкан Беловодск атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Окуу процессине 20 мугалим жана 14 тарбиячы тартылып, 160 бала билим алат.

Мектепте социализацияга жана кесипке үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мектеп 1,859 гектар жерге эки кабаттуу типтүү имаратта жайгашкан.

Минкаб төрагасы социалдык объектилерди кыдыруу учурунда мамлекеттик кызматкерлерге буга чейин жаңы жылдык салттуу корпоративдик иш-чаралардан баш тартууну сунуштаган жарыяланган демилгеге токтолду.

“Биз ар бир мамлекеттик кызматкерди социалдык жоопкерчиликти жана тилектештикти көрсөтүүгө чакырабыз. Бул каражаттар майрам күндөрү өзгөчө колдоого муктаж болгондорго жылуулук, камкордук жана кубаныч тартуулап, алда канча пайдалуу болушу мүмкүн”, – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Бул демилгенин алкагында жана өз атынан министрлер кабинетинин төрагасы социалдык мекемелердеги балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырып, аларга бекем ден соолук, бакыт-таалай жана көксөгөн кыялдарынын орундалышын каалады.

Связанный пост