Аялын атып өлтүргөн мурда милиция кызматкеринин ишин мындан ары УКМК иликтейт

 Аялын атып өлтүргөн мурда милиция кызматкеринин ишин мындан ары УКМК иликтейт

Аялын атып өлтүргөн мурда милиция кызматкеринин ишин мындан ары УКМК иликтейт. Бул тууралуу атайын кызмат билдирип, чечимдин себептерин түшүндүрдү.

УКМКдан белгилешкендей, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда үч баланын энесин өз күйөөсү травматикалык курал менен атып өлтүргөнү кызуу талкууланууда. Маркумдун жакындары жана үй-бүлөсү үчүн орду толгус жоготуу жана кайгы алып келген бул кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Мында кармалган адамдын өздүгү да эске алынды, ал мурда ички иштер органдарынын кызматкери болуп иштеген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүнө ылайык, бул кылмыш иши УКМКнын борбордук аппаратынын өндүрүшүнө кабыл алынып, тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды.

Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги коомдук коопсуздуктун пайдубалын жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды соккуга учураткан бул үрөй учурган факты боюнча так позициясын билдирди. Бул трагедия принципиалдуу укуктук баа берүүнү талап кылат.

Белгилей кетсек, тергөө учурунда жаңы жагдайлар белгилүү болду. Алсак, өлтүрүлгөн аялдын убактылуу коргоо ордери болгону, ошондой эле айыпталуучу киши өлтүрүүдө колдонулган газ-травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүргөнү жана сактаганы аныкталды.

Учурда айыпталуучу камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына которулду. Ал тергөө аяктаганга чейин ошол жерде кармалат.

УКМК жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча айыпталуучуга, ошондой эле бул мыкаачылыктын жасалышына шарт түзгөн же кайдыгер мамиле кылган башка жактарга да юридикалык баа берилерин белгилейт.

УКМК маркумдун балдарына жана жакындарына кайрылып, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жазага тартыла турганына ишендирет жана тергөө жыйынтыгы боюнча коомчулукка маалымат берилет.

Связанный пост